Ош: 18 жаштагы тургун 9 жашар инисин бычактап өлтүрдү

Ош шаарынын Туран кичи районунда 18 жаштагы тургун 9 жашар инисин бычактап, бала жеринде көз жумду. Бул тууралуу «Клоопко» 28-декабрда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка алайык, ата-энеси жабырлануучуну 17-декабрь саат 17:30да ооруканага жеткиришкен, бирок андан майнап чыккан эмес.

Милициядан окуя болгон күнү бир туугандар пикир келишпей, уруша кетишкенин жана бычак маркумдун көкүрөк тарабына сайылганын билдиришти.

«Турмуш» басылмасы кылмышка шектелген өспүрүм психологиялык жактан жабыркай турганын жазды. Ал эми шаардык милиция шектүү эч жерде каттоодо турбаганын, ага карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, бирок жыйынтык чыга электигин маалымдады. 

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксы: Өспүрүмдөр мушташа кетип, 17 жаштагы окуучу бычак жеп каза болду