УКМК: Жалал-Абадда теракт жасоону көздөгөн жашы жете элек эки тургун кармалды

28-декабрда УКМКдан Жалал-Абад шаарында «Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан» эл аралык террористтик уюмунун 16 жаштагы эки мүчөсү кармалганын билдиришти. 

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМК.

Атайын кызматтын малыматына ылайык, шектүүлөр интернет аркылуу аралыктан «Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан» террористтик уюмунун катарына кошулуп, анын эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан. Ошондой эле шаардагы чиркөөгө террордук чабуул жана куралдуу кол салуу уюштурууну көздөшкөн.

Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун далилдери, терористтик уюмдун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле уюмдун жетекчисине ант берүү видео тасмалары табылган.

Бул факт боюнча «Террордук акт» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинен тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун желеги табылган.

Бул боюнча шектүү катары мектептин үч бүтүрүүчүсү кармалып, тергөө иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кызыл-Кыядагы мектептен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун желеги табылды