УКМК: Аткез жүктөрдү мыйзамсыз ташыган ири канал бөгөттөлүп, 93,5 млн сомдук жүк мамлекетке алынды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу аткез жүктөрдү ташуу менен алектенген ири канал бөгөттөлдү. Бул тууралуу 29-декабрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз импорт жана эскпорттоого багытталган жалпы суммасы 93 млн 441 миң сомдук — 4378 даана телевизор, 3162 даана уюлдук телефон, 265 даана дөңгөлөк жана 2,5 тонна жез табылды. 

Кадамжай райондук сотунун 18-майдагы чечимине ылайык, кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга тиешелүү товарлар мамлекеттин пайдасына алынды. Ошондой эле кызмат адамына пара берүүгө айыпталган сегиз кишиге 1 млн 550 миң сом айып салынды. 

Андан сырткары акцизсиз тамекилерди сатуу боюнча мыйзамды бузганы үчүн айыпталуучулар 8 млн 804 миң сом айыпка жыгылды.

Буга чейин, Баткен облусундагы «Кадамжай-авто жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстанга аткезчилик менен жалпы суммасы 47 млн 278 миң 780 сомдук эл керектөөчү товарларды алып кирүүнү көздөгөн өзбекстандын жараны кармалган. Кадамжай райондук соту 5-декабрда айыпталуучуга 150 миң сом айып пул салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: 47 млн сомдук аткез жүктү Өзбекстанга алып өтүүгө аракеттенген жаранга 150 миң сом айып салынды