Нарын: Сот Украинадагы согушка катышкан жаранды беш жылга эркинен ажыратты

Нарын облустук соту «Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн курамында Украинадагы согушка катышууга айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 4-январда «Азаттык» басылмасы соттун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Нарын облустук соту 2023-жылы 7-декабрда чыгарды. Буга чейин Нарын шаардык соту да ушундай эле өкүм чыгарган.

Бекназар Бөрүгул уулу 2023-жылдын август айында УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал 2022-жылы 22-февралда Орусияга иштегени барып, кийин кылмыш жасаганы үчун түрмөгө отурганын, ал жактан «Вагнер» жеке аскердик түзүмү аркылуу келишимдик негизде Украинадагы согушка катышканын билдирген.

Ага «Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдык өтүүсү» деген берене менен айып тагылган.

Бул Украинага толук масштабдуу кол салып кирүүдө орус тарапта согушуп, жалданмачылык үчүн мекенинде кармалган экинчи кыргызстандык. Буга чейин, 2023-жылдын январь айында, УКМК 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулун кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Кыргызстандын жарандыгын ээ болуп туруп, Украинанын аймагына көчүп барып, «ал жерде аскердик топтордун катарында согуштук аракеттерге катышкан».

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек уулун «жалдануучулукка» айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жогорку сот райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири масштабда кол салуусун баштаган. Алардын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку сот Украинага кол салууга катышкан Аскар Кубанычбек уулунун өкүмүн жокко чыгарды