Жаңы туунун эскизи менен параметрлери «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды

«Эркин-Тоо» гезитинин 9-январдагы санында өлкөнүн жаңы туусунун үлгүсү, түзүлүш схемасы жана чиймелери жарыяланды

Туунун спецификацияларында Кыргызстандын мамлекеттик органдарында жана чет өлкөлөрдөгү расмий өкүлчүлүктөрүндө колдонуу үчүн расмий бекитилген так өлчөмдөрү, түстөрү жана башка параметрлери көрсөтүлгөн. 

Буга чейин депутат Дастан Бекешев президент жаңы туу боюнча мыйзамга 22-декабрда эле кол койгонуна карабастан жаңы туунун эскизи «Эркин-Тоо» гезитине жарыялана электигин билдирген болчу. 

«Юридикалык күчү боюнча тиркемеси мыйзамдын өзүнүн күчү менен барабар. Башкача айтканда, желектин эскизинин өзү жок. Ошондуктан ар ким каалаган желек тартылып аткан. […] Албетте, эскиз гезитке жарыяланышы керек, анткени эртең кайсы желек жөнүндө сөз болгон деген талаш жаралат. Он жылдан кийин тартышып “эскизди көрдүңөр беле” десе, “жок, жоготуп алдык, архивде жок, гезитке жарыяланган эмес” деп жооп беришеби?» — деген Бекешев. 

8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттуу түрдө Кыргызстандын жаңы желеги көтөрүлгөн. Тууну көтөрүү иш-чарасына депутаттар, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана Минкабдын башка өкүлдөрү катышкан. Ошол эле учурда 1-январдан 8-январга чейин – бир жума бою – республиканын башкы аянттында туунун туура эмес вариантты илинип турган. 

Иш-чарада Касмамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «Жаңы жылды жаңы туу менен тосолу деген ниетте толук такталбаган, толук кароодон өтө элек туу илинип калганын» моюнга алган.

Парламент депутаттары мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 20-декабрдагы жыйында талкусуз дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырып берген

Ага чейин президент Садыр Жапаров мамлекеттик символиканы өзгөртүү идеясы өзүнүкү экенин, парламент спикери Нурлан Шакиевди тийиштүү мыйзам долбоорун демилгелегенге өзү көндүргөнүн моюнга алган. 

Ал эми 22-декабрда президент тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон