УКМКнын кызматкерлери коркутканын айтып чыккан Ташовго издөө жарыяланды

Имамидин Ташов.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кетип, бир нече күн барамтага алып, түрмөгө отургузам деп коркутуп 100 миллион сом талап кылганын айтып чыкты. 

Ишкер окуя өткөн жылдын 27-декбарында болгонун айтып, буга анын туу жөнүндө айткан пикири негиз болгонун белгиледи. 

«Барганда унаага кыйнап салып, каршылык көрсөткөнүмө карабай бандиттерче уурдап, сегиз күн белгисиз жерде жакындарыма, компанияма кабар бердиртпей кармап жатышты. Ар кандай нерселер менен коркутушту. 52 миллион төктүргөнү аз келгенсип, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты», — деди ишкер. 

Ошондой эле ал камакка алынган ишкерлер эркиндикке чыгыш үчүн мамлекеттик органдар жарялагандан үч эсе көп каражат төгүп берип жатышканын кошумчалады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жалган айтып жатканын билдирди. Анын айтымында, Ташов активист Тилекмат Күрөңов менен бирге төңкөрүш жасоону пландаган. 

«Имамидин Ташовго издөө жарыяладык. Азыр бекинип качып жүрөт, кайсыл жерде экенин билбейбиз. Бирок баары бир кармайбыз. Мамлекетте төңкөрүш жасоого даярданганы үчүн жоопко тартабыз. Биз да бирөөдөн тыйын алып, мыйзамды бузуп койбосо экен деген мааниде ичибизди тазалап жатабыз», — деди Ташиев. 

Ташовго козголгон кылмыш иши

Ташов үстүбүздөгү жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалып, кийин мамлекетке келтирилген зыяндын ордун 52 миллион сомдук кыймылсыз мүлк менен толтуруп берген соң бошотулган.

Атайын кызмат Ташовдун компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге эки көп кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген. Анын кесепетинен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилген. 

Коопсуздук комитети «Бишкек башкы архитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары «мыйзамсыз киреше алуу максатында» курулуш компаниянын жетекчилиги менен өз ара келишип алып, бул кадамга барышканын кошумчалаган.

Өткөн жылы бир катар курулуш компанияларынын жетекчилери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалган. Алардын арасында «Авангард», «Эмаком», «Астра Плюс» курулуш компанияларынын жетекчилери бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады