Арстан Алайдын өлүмү: Прокуратура ЖАКтын жооптуу кызматкерлерине иш козгоду

Арстанбек Абдылдаев.

Башкы прокуратура Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына иш козгоду. Абдылдаев №31 атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинде каза тапкан.

Прокуратурадан шектүүлөр «Абылдаев өз өмүрүңө кол салып жаткан учурда көңүл бурбай, анын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды көрбөгөнүн» айтышты. Бирок кайсыл кызмат адамдарына иш козголгону ачыкталган жок.

«31-мекеменин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамды аткарбай, Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөнү үчүн ал өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгону аныкталды», — дешти мекемеден. 

Шектүүлөргө карата «Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп берилди.

Алайдын өлүмү

55 жаштагы бизнесмен жана коомдук ишмер Абдылдаев 5-январда №31 атайын дарылоо-түзөтүү мекемесиндеги ашканадан асылган абалда табылган. ЖАКтын версиясы боюнча ал өз жанын кыйган.

Маркудун жакындары жана айрым укук коргоочулар Абдылдаев өз жанын кыйды дегенге ишентей, баарына өлкөдөгү мыйзамсыздык себеп экенин айтышууда. Алайдын адвокаты анын өлүмүнө «укук коргоо, тергөө жана сот органдарынын, ЖАКтын мыйзамсыз аракеттери себеп болду» деп эсептейт.

Кийин Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова атасынын денесинде, башында көптөгөн так жана тытыктар бар экенин көргөнүн айтып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арстан Алайдын кызы атасынын денесинен көптөгөн так жана тытыктарды көргөнүн билдирди