Арстан Алайдын кызы атасынын денесинен көптөгөн так жана тытыктарды көргөнүн билдирди

Маркум бизнесмен жана саясатчы Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасынын денесинде, анын ичинде башында көптөгөн так жана тытыктарды көргөнүн билдирди. Бирок буга чейин Башкы прокуратура Абдылдаевдин мойнунда электр чайнектин шнурунун изи калганын, ал эми денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок экенин маалымдаган болчу. 

Ушундай эле версияны ЖАК дагы билдирген — ведомствонун маалыматы боюнча, Алай айтылбай которулган түзөтүү мекемесинин ашканасында асынган абалда табылган.  

«Мен эксперт эмесмин, бирок экспертиза аныктай болушу керек, мойнунда үч так бар экен, бирөөсү түптүз, асынган кишиники кыйгачыраак болот да. Жуунтуп атканда көргөнүмдү айттым да. Көптөгөн суроолор бар. Денесинде көк тактар бар экен, тытыктар бар экен, 15 сантиметрдей, аябай тытык. Ийне саюунун издериби, башында бар экен, кабырга тушунан тешишкен сыяктуу да», — деди маркумдун кызы.

55 жаштагы бизнесмен жана коомдук ишмер, көбүнесе Арстан Алай деп таанымал Арстанбек Абдылдаев 5-январда №31 атайын дарылоо-түзөтүү мекемесиндеги ашканадан асылган абалда табылган. 

Маркудун туугандары жана айрым укук коргоочулар ал өз жанын кыюуга барганын ишенбей, баарына өлкөдөгү мыйзамсыздыктар себеп экенин айтышууда. Абдылдаевдин адвокаты Алайдын өлүмүнө «укук коргоо, тергөө жана сот органдарынын, ошондой эле ЖАКтын мыйзамсыз аракеттери себеп» деп эсептейт.

Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура текшерүү баштаган, ал эми Юстиция министрлиги окуянын келип чыккан жагдайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн. 

Тема боюнча: Юстиция министрлиги Арстан Алайдын өлүмүн иликтөө үчүн атайын комиссия түздү