Пакистандын министри Кыргызстандын медициналык окуу жайлары жетиштүү билим бербей жатканын айтты

Кыргызстандын жогорку окуу жайларын бүткөн пакистандыктар өз өлкөсүндө аттестациядан өтө албай калышууда. Бул тууралуу Пакистандын саламаттык сактоо министри Надим Ян кесиптеши Алымкадыр Бейшеналиев менен жолукканда айтты.

Ал пакистандык студенттер Кыргызстанда тийиштүү деңгээлде билим алышпай жатканын белгиледи.

Ал эми Бейшеналиев пакистандыктар билим алган окуу жайларды текшерип, керек болсо аларды «талапка жооп берген билим берүү мекемелерине» которууга даяр экенин айтты.

2020-жылы Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизген. Буга Кыргызстандан бүткөн студенттердин 90%ы өз өлкөсүндө Медициналык кеңештин милдеттүү экзаменинен өтпөй калганы себеп болгон. Ошондой эле Пакистанда алардын диплому таанылбай калган.

Дээрлик бир айга созулган сүйлөшүүдөн кийин Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык төрт жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарган. Кийин да калган окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселеси талкууланган.

Өткөн жылы Саламаттык сактоо министрлиги медициналык багыттагы 24 окуу жайды текшерип, 17син «талапка жооп бербегендиктен» жабууну сунуштаган. Бирок министр Бейшеналиев кызматтан кетип, бул иш токтоп калган. Кийин аталган окуу жайлардын баары ишин улантып жатканы белгилүү болгон.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдөгү жогорку окуу жайларга Индиядан 14 миң, Пакистандан 4498, ал эми Ооганстандан 274 студент тапшырып, билим ала баштаган.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын айрым медициналык ЖОЖдору Пакистандын «кара тизмесинен» чыгарылат