Баткенде 6 унаанын катышуусунуда жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды

Баткен облусундагы Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 299-чакырымында 6 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу «Клоопко» 15-январда Жол кыймылынын камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кырсык 12-январь саат 11:30 чамасында катталган. Учурда унаалар айып короого токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат. 

«Катталып жаткан жол кырсыктарынын 90 пайыздан ашууну айдоочулардын күнөөсү менен, тагыраагы, ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелерин толук кандуу сактабагандыктан болууда», — деп айтылат билдирүүдө. 

2023-жылы 9 ай ичинде өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон. Каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон каза болгондордун саны 320га жеткен. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду 

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза тапты