ИИМ: Жалал-Абадда ишкерди өлтүрүүүнү пландаган эки киши кармалды

Жалал-Абад облусундагы шаарлардын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургундун үйүн тоноп, аны буйрутма менен өлтүрүүнү пландаган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу 15-январда ИИМден билдиришти

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 13-январда Жалал-Абад облусунда тургундун үйүнө кол салып, акча каражаттарын жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландашкан.

Шектүү. Сүрөт: ИИМ.

ИИМдин кызматкерлерине тургунду буйрутма менен өлтүрүү пландалып жатканы тууралуу алдын-ала маалымат келип түшкөн.

«Уюштуруучу кылмышка шерик катары өзүнүн тааныштарын, анын ичинде мурда соттолгондорду издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ошондой эле ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп түшүндүрүп берерин ишендирген», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча «Киши өлтүрүүгө даярдануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, эки шектүү кармалды. Алардын бири 60 жаштагы кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Тургундун 35 млн сомдон ашык акчасын алып, качып жүргөн жаран Өзбекстандан кармалды