Чүй: Өз энесин сабап өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы киши кармалды

Чүй облустук милициясы Москва районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы киши кармалганын кабарлады.

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИББ

Маалыматка караганда, 15-январда милицияга 47 жаштагы киши кайрылып, 72 жаштагы апасы жүрөгү токтоп каза болгонун билдирген.

Маркумдун денесин кароо учурунда көптөгөн жаракаттар аныкталган. Бул боюнча укук коргоо органдары «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун баласы — 47 жаштагы киши мас абалында апасын сабап өлтүрүп, денесиндеги жаракаттарды «жыгылып кеткен» деп калп айтканы белгилүү болгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.