Сүлүктүдө 14 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы тургун кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 14 жашар кызды зордуктоого шектүү катары 31 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 16-январда облустук милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИББ

Маалыматка караганда, 41 жаштагы тургун милицияга кайрылып, 14-январга караган түнү 14 жашар кызын 31 жаштагы киши зордуктаганын билдирген.

Бул боюнча «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Натыйжада, арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн шектүү — Сүлүктү шаарынын тургуну колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Буга чейин, 9-январда да Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде 14 жаштагы кызды зордуктоого 31 жаштагы киши шектелип жатканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде Ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: 31 жаштагы тургун 14 жашар кызды мейманканада зордуктоого шектелүүдө

Бишкек: Көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалды