Ошто дүкөнгө уурулукка кирген деп шектелип үч өспүрүм кармалды

Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан электрондук буюмдарды сатуучу дүкөндөн беш ноутбук уурдоого шектелген үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 19-январда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүкөндүн ээси милицияга арыз менен кайрылган. Анда, 9-январь күнү кечинде белгисиз кишилер дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, беш даана ноутбук жана алардын аксессуарларын уурдап кеткенин билдирген. 

Милициядан жабырлануучуга келтирилген чыгым 200 миң сомдун тегерегинде болгонун билдиришти. Ошондой эле шектүүлөр уурдалган ноутбуктардын үчөөсүн күрөөканаларга коюп, акча алышканы маалым болду. 

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 18, 20 жаштагы жана Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну кармалды. Алар буга чейин дагы ушул сыяктуу кылмышка катышып, башка дүкөндөргө дагы уурулукка киришкени айтылды.

Бул факт боюнча «Уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери уланып жатат.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы шаарлардын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургундун үйүн тоноп, аны буйрутма менен өлтүрүүнү пландаган эки шектүү кармалган. Окуя боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Жалал-Абадда ишкерди өлтүрүүүнү пландаган эки киши кармалды

Ошто батирлерге уурулукка кирип, тургундарга 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген киши кармалды