«200 миң доллар пара». Президенттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Ишкерден 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси Талантбек Мамытов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 22-январда Баткен облсоттон тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Баткен райондук соту 17-январда чыгарды.

Өткөн жылы 23-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан пара алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүгө «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми 24-ноябрда облус башчысы Абдикарим Алимбаев кеңешчисинин кармалганы тууралуу видео кайрылуу жарыялап, «окуяга тиешеси жок экенин жана кылмышка шектүү мыйзам алдында жооп бериши керектигин» айткан. Баткен райондук соту Мамытовду 21-январга чейин камакта калтырган.  

Талантбек Мамытов 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынын атынан ат салышкан

ТЕМА БОЮНЧА:

Пара алууга шектелип жаткан президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

УКМК: Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар пара алууга шектелип кармалды