Жапаров өткөн жылы суунун тартыштыгынан 42,5 миң гектар жер иштетилбей калганын айтты

2023-жылы суунун тартыштыгынан улам өлкөдө 42 миң 567 гектар жер айдалбай калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-январда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Жапаров сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн өкмөт быйыл ирригация тармагына 2,2 млрд сом бөлүүнү пландап жатканын белгиледи. Анын айтымында, былтыр бул тармакка 1 млд сом жумшалган.

Минкабдын башчысы ушул жана бакша көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элден келип түшкөн арыздарды тезинен карап, чечип берип турушу керектигин кошумчалады.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы жана кургакчылык

Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери жаан-чачын аз жаап, кургакчылык болгондуктан дыйкандар бир топ кыйынчылык тартышкан. Маселени бийликке жеткирүү үчүн алар митингдерди да өткөрүшкөн.

Өткөн күздө кыргыз бийлиги суунун тартыш болгондуктан Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүүнү токтотуп, кийин кайра жанданткан. Анда коңшу өлкөдө да кургакчылык курч көйгөй экени айтылган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл да өлкөдө кургакчылык болуп, сугат суунун тартыштыгы күтүлүп жатканын эскертүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров да айткан

Жапаров өлкөдөгү сугат суунун тартыштыгын суу топтоочу жайлардын тазаланбай, толуп калганы жана суунун аз топтолгону менен түшүндүргөн. Ал экси суу топтоочу жайларды тазалап, жаңыларын курууга тапшырма бергенин да белгилеген.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.

Автору: Нурпаяз Абытов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстанга кандай таасир этүүдө?

Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо беребиз — Президент сугат суунун тартыштыгы тууралуу