Жогорку сот Оштогу «Манас-Ата» кафесин өз алдынча бузуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды

Жогорку сот Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесин өз алдынча буздуруу тууралуу эки инстациядагы соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» 22-январда соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун чечими 17-январда чыккан. 

Буга чейин, 2023-жылдын июль айында, Ош шаардык соту «Манас-Ата» кафесинин ээлерин имаратты өз алдынча бузууга милдеттендирген. Андан сырткары, кафе ээлеринен ортоктош түрдө 700 миң сом өндүрүлгөн. Кийинчерээк тараптар соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко аппелияциялык арыз менен кайрылышкан.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр

Аталган кафедеги чыр 2022-жылы 27-июнда «Не сахар» берүүсү текшерүүгө келгенде башталган. Кафенин администрациясы «Не сахарга» тоскоолдук жаратып, эки тарап чырдаша кеткен.

Бирок эфирдин башталышында эле кафенин санитардык абалы талаптарга жооп бербегени камерага түшүп калган. Бул чыр соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, иш милицияга чейин жеткен. 

«Манас-Атанын» ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева ШИИБге чакыртылып, орой мамилеси үчүн кечирим сурашкан.

Кийинчерээк Ош мэриясы «Манас-Атаны» жана башка кафелерди жапырт текшерүүгө алган.

Аталган кафеге 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылган. Ал эми 2022-жылдын 6-июлунда Ош шаардык прокуратурасы мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүү сунушун берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады