Ош: Сот «Манас-Ата» кафесинин ээлерин имаратты өз алдынча бузууга милдеттендирди

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык соту «Манас-Ата» кафесинин ээлерин имаратты өз алдынча бузууга милдеттендирди. Бул тууралуу 14-июлда «Клоопко» шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун чечими 5-июлда чыккан. Ага ылайык, кафенин ээлери Юлдашбай Нематов жана Гүлжан Исакова Шакиров көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1727,3 метр квадрат имаратты өз алдынча бузууга милдеттендирилди.

Ошондой эле тамактануучу жайдын ээлеринен ортоктош түрдө 700 миң сом өндүрүлдү.

Соттон тараптар Ош шаардык сотунун чечимине апелляциялык арыз менен облустук сотко даттанууга укуктуу экенин билдиришти.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр

Аталган кафедеги чыр 2022-жылы 27-июнда «Не сахар» берүүсү текшерүүгө келгенде башталган. Кафенин администрациясы «Не сахарга» тоскоолдук жаратып, эки тарап чырдаша кеткен.

Бирок эфирдин башталышында эле кафенин санитардык абалы талаптарга жооп бербегени камерага түшүп калган. Бул чыр соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, иш милицияга чейин жеткен. 

«Манас-Атанын» ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева ШИИБге чакыртылып, орой мамилеси үчүн кечирим сурашкан.

Кийинчерээк Ош мэриясы «Манас-Атаны» жана башка кафелерди жапырт текшерүүгө алган.

Аталган кафеге 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылган. Ал эми өткөн жылдын 6-июлунда Ош шаардык прокуратурасы мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүү сунушун берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Прокуратура мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүүнү сунуштады

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды

Оштун мэри «Манас-Ата» кафесиндеги чырдан улут маселесин козгобоого чакырды

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады