УКМК: «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан кичи базардын жетекчиси кармалды

26-январда УКМКдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан «Жээнбеков» базарынын директору кызмат абалынан пайдаланууга шектелип кармалганын билдиришти. 

Атайын кызматтан «жеке ишкер кызмат абалынан пайдаланып, “контейнерди бузуп салам” деп коркутуп, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылганын» маалымдашты. Ошондой эле, ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, талап кылынган сумманы которууга аргасыз болушканын кошумчалашты. 

24-январда мыйзамсыз талап кылынган 5 миң долларды которгондон кийин жеке ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Айыпталуучунун жашаган жерин тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң сом акча каражаты, алтын тагынчактар, Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 килограмм болгон 10 даана алтын куймалары жана Range Rover үлгүсүндөгү унаасы алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырууга шектелип кармалган.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Жалал-Абаддагы базарлардын биринин ээси ижараны негизсиз жогорулатканы үчүн кармалды

УКМК: Бишкектеги «Баткен» базарынын жетекчилери кармалды