Баткенде экстремисттик материалдарды таратууга шектелген 28 жаштагы тургун кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБи

Баткен облусунда өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды социалдык тармактарда таратып жүргөн 28 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан 29-январда билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга Баткен облусунун тургуну экстремисттик аудио материалдарды соцтармактагы баракчаларына жарыялап жүргөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Баткен ОИИБдин электрондук журналына катталып, шектүүнүн интернет баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул аудио материалдар экстремисттик жана террористик уюмга таандык экени аныкталды.

Кылмышка шектүүгө карата «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда 6 уюлдук телефон жана 6 даана диск алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автору: Хасанбой Моминжанов