Ошто 19 жаштагы жигиттен акча опузалаган 40 жаштагы тургун кармалды

Ош шаарында 19 жаштагы жигиттен 20 миң сом акча опузалап талап кылып жүргөн 40 жаштагы тургун колго түштү. Бул тууралуу 29-январда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-январда Ош облусунун Кара-Суу районун 19 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 18-январда 40 жаштагы тургун опузалап акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү жабырлануучудан 20 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Автору: Айдана Сабидиллаева