Бир цитата менен: Байсалов 11 журналистти камакка алуу — тарбиялоо чарасы экенин айтты

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Temirov Live басылмасынын 11 журналистин массалык түрдө камакка алынышы — бул бийликтин тарбиялык чарасы экенин айтты. Мындай ойду ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бирок эл аны кемсинтүү менен чаташтырбашы керек.

«Жанагы жаш балдар. Албетте алар душман эмес. Алар албетте жаңылышкан. Бала-баладай, башы-көзү чарадай. Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды президентибиз болобу, органдар болобу же сот болобу түрмөдө чиритейин деген ою жок. Бул тарбиялык маселе. Бул аталык, агалык милдет. Балдар, келиңиздер ар бирибиз окуубузду окуп, жумушту кылып, бирок мурунку атмосфераны өзгөртүшүбүз керек. Ал эми кээ бир учурларда баягыдай үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюну болобу кичине тартипке келтирип коюш керек», — дейт ал.

Президент Садыр Жапаров бул кармоолор боюнча комментарий берип жатып, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес, «социалдык тармактарды колдонуп, жоопкерчиликсиз түрдө ар кандай маалыматтарды, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан блогерлер» деп билдирген.

Кыргызстанда журналисттерди массалык түрдө камакка алуу 16-январда башталган. Бардыгы болуп Temirov Live’тын 11 журналистти кармалган. Алардын баарын сот эки айга ТИЗО-1ге киргизген — тогуз кишиге «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси менен иш козголуп, ал эми Temirov Live жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековго «башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. 

Дээрлик эки жума бою алар мыйзамсыз түрдө убактылуу кармоочу жайда кармалган —  бирок мыйзамга ылайык, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык кармаса болбойт. Айрым учурларда гана соттун өкүмү менен ал жерде кармоо мөөнөтү 10 күнгө узартылышы мүмкүн.

29-январда камакка алынгандар ТИЗО-1ге өткөнү белгилүү болду.