Ош: Караоке клубдун администраторун зордуктоого аракет кылган 20 жаштагы тургун кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Ош шаарындагы караоке клубдарынын биринде администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет кылган 20 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 30-январда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 27-январь таңкы саат 05:55те болгон. Анда шектүү караоке клубунда эч ким жоктугунан пайдаланып, администратор кызды зордуктоого аракет жасаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ошол эле түнү саат 01:00 чамасында Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, кассадан 22 миң сом уурдап чыкканы белгилүү болду. Шектүү уурдаган акчасына курсагын тойгозуп, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн кирген.

Аталган факт боюнча «Уурулук» жана «Зордуктоого аракет жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 20 жаштагы Чоң-Алай районунун тургуну Ош шаардык сотунун 29-январдагы чечими менен 2 айга камакта калтырылды. 

Учурда териштирүү иштери уланып жатат. 

Дисклеймер: Бул видеодо сексуалдык зордуктоо аракети чагылдырылган. Эгерде бул сизге жагымсыз сезимдерди тартууласа, тасманы көрүүдөн баш тартканыңыз оң.

Аны менен катар, Ош ШИИБи ишкерлерди кол алдындагы кызматкерлерди жана акча каражаттарын түнкүсүн жалгыз калтырбоого жана 24 саат бою иштеген видео көзөмөл орнотууга чакырды.

Буга чейин, 16-январда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 14 жашар кызды зордуктоого шектүү катары 31 жаштагы тургун кармалган. Окуя боюнча «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүлүктүдө 14 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы тургун кармалды

Бишкек: Көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалды