Таласта 75 даракты мыйзамсыз кыйгандарга 500 миң сомго жакын айып пул салынды

Сүрөт: Экотехкөзөмөл кызматы

Талас облусунун Манас районуна караштуу Талас айылында 25 түп дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыяндын өлчөмү 425 миң 95 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Экотехкөзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январда Экотехкөзөмөл кызматынын Талас аймактык башкармалыгы Талас айылынын жол жээгинде өскөн 25 даана «бака терек» дарактарын Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамсыз кыйдырганын аныктаган.

Анын жыйынтыгында, акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыянды өндүрүү үчүн тийиштүү иш кагаздары Манас РИИБине өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары былтыр декабрда Чыңгыз Айтматов районунун Тамчы-Булак айылында жол жээгинде өсүп турган 50 дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, жыйынтыгында жаратылышка келтирилген 64 миң 213 сом мамлекетке өндүрүлдү. 

Буга чейин, Ош облусунда муниципалдык жерде жайгашкан «Царский двор» кафеси даракты уруксатыз кыйганы үчүн 9-январда ишмердүүлүгүн токтоткон. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы кафени үч күндүн ичинде бузуу тууралуу эскертүү берген.

Бирок азырынча кафе бузулбай турат, анын себеби белгисиз бойдон калууда. Муниципалдык менчик башкармалыгынан Экотехкөзөмөл кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин чара көрүлөрүн айтышкан.

Ал эми мекеменин ээси даракты Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгынын уруксаты менен кыйганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Даракты уруксатсыз кыйган «Царский двор» кафеси бузулат

Ош: «Царский двор» кафесинин ээси даракты кыюуга аймактык башкармалык уруксат бергенин айтты