УКМК: «Унаа» мекемесинин төрт кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин төрт кызматкери жарандарга бажы жана башка төлөмдөрдөн качууга көмөктөшүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды. Бул туралуу 30-январда УКМКдан билдиришти.

Малыматка ылайык, жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктерине деп алдап, унаа ташып келүү менен алектенишкен. Бул аларга бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген, бирок мындай жол менен алып келинген унаалардын каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес.

Ага карабастан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери «материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Кореядан алып келинген 600дөн ашык унаага жасалма документ жасашкан». Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, мекеменин төрт адиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча териштирүү иштери уланып жатат.

Автору: Айша Нуридинова