Башкы прокурор: 2023-жылы балдарга карата 1800дөн ашык кылмыш жасалды

2023-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 1832 иш козголгон. Бул тууралуу 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, анын 478и Бишкек шаарында, Чүй облусунда — 427, Ысык-Көл облусунда — 119, Жалал-Абад облусунда — 220, Ош облусунда — 225, калгандары Талас, Нарын жана Баткен облустарында катталган.

Башкы прокурордун айтымында, козголгон 1832 иштин 679у балдарга карата зордук-зомбулук фактылары. Алардын 658и кыскартылып, 206 иштин өндүрүшү убактылуу токтотулган. Ошондой эле 1086 иш соттук кароого жөнөтүлүп, 75 иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«2023-жылы жаш өспүрүмдөргө карата катталган кылмыштардын жалпы саны азайганы менен, Ош облусунда 133кө, Чүй облусунда 56 санга өскөн», — деди Зулушев.

Зулушев аялдарды жана балдарды зордук-зомбулуктан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселеси прокуратура органдары үчүн актуалдуу бойдон калганын белгиледи.

2022-жылы жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 1 719 кылмыш иши козголгон

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам көрсөтсө болот?

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат, ошондой эле күнүгө күнү-түнү иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Телефон: 03945 24546

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду