МИКтин алкагында жарандар жаңы шарттар менен турак жай алса болот. Президент жарлыкка кол койду 

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 30-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүнүн учурдагы абалынын проблемалары бул турак жай курууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди пайдалануу боюнча бирдиктүү саясаттын жоктугу болуп саналат. Ошондой эле жарандар үчүн анын ичинде чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар үчүн турак жай курулуштун үлүштүк каржылоонун мамлекеттик механизми жок.

Президент минкабга мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу бөлүштүрүү, пайдалануу, өлкөнүн турак жай фондун көбөйтүү максатында бир катар тапшырмаларды берди. 

«[Мындан ары] батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат. Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат», — деп президент өзү кол койгон жарлыкка комментарий берип жатып айтты.  

Жапаров бул чечимди «алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп» кабыл алганын белгиледи. 

Президент өлкөдөгү айдоо жерлерди сактап калуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүү куруу керектигин да кошумчалады. 

«Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым.[...] Келечекте үйгө муктаж болгон жарандарыбызды камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында: 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталат», — деп президент келечектеги пландары менен бөлүштү. 

Жапаров өзүнүн фейсбук барагында өлкөнүн Бишкек жана башка шаарларында салынып жаткан же келечекте куруу пландалып жаткан үйлөрдүн даректерин да жарыялады.  

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылдын декабрында түзүлгөн. Ошол аралыктан бери 8 миңден ашык адам үйлүү болгон