Орусиянын абактарындагы 1000ге жакын кыргызстандык экстрадициядан баш тартты 

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан 994 кыргызстандык мекенине экстрадиция болуудан баш тартты. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып айтты

Зулушевдин айтымында, алардын өлкөгө которулуудан баш тартуусунун башкы себеби — үй-бүлөлөрү Орусияда. 

«Мындан сырткары абакта эмгектенип кандайдыр бир каражат алып чыгат экен», — деп айтты башкы прокурор.

Чет өлкөдө Кыргызстандын жалпы 1452 жараны жазасын өтөп жатат. Алардын 1167си Орусиянын абактарында жатат. Зулушуевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөгө Орусиядан 74 адамды, Казакстандан 5 жаранды экстрадициялоого мүмкүн болгон, дагы 42си боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  

Буга чейин бийлик 2023-жылдын алты айында Орусия абактарынан 35 жаранды экстрадициялоого мүмкүн болгонун билдирген.  

2023-жылдын апрелинде Орусия абактагылардын туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылып, жакындарын экстрадициялоо процессин тездетүүнү өтүнүп кайрылган. Мунун бирден бир себеби катары, Борбор Азияда туулган жарандар Вагнер ЧВКсына тартылып, Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы кабарланган.  

Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиядан келген мигранттар Украинанын согуш жүрүп жаткан аймактарына көп тартылууда. Аларды көп учурда Орусия абактарынан — Вагнер ЧВКсына тартылган.  

Мындан тышкары, Кыргызстанда алар Украинадан кайтып келгенден кийин, чет өлкөнүн аймагындагы аскердик аракетке тартылгандыгы үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.