Өзгөндө мал уурдоого шектелген үч тургун кармалды

Ош обулусунун Өзгөн районунда мал уурдоого шектүү катары үч тургун кармалды. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 165 миң сомду түзөт. Бул тууралуу «Клоопко» 1-февралда Өзгөн РИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, райондук милицияга Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну 1-январда арыз менен кайрылып, мал сарайынан белгисиз адамдар бир малын уурдап кеткенин билдирген. 

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: Өзгөн РИИБи

Аталган факт боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, окуяга шектүү катары 20, 21, 25 жаштагы үч тургун кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн мал уурулук боюнча беш фактыга тиешеси бар экени аныкталып, келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 165 миң сомду түзөрү белгилүү болду. Учурда териштирүү иштери уланууда. 

Өткөн жылы ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунда мал уурдап, коңшу өлкөгө өткөрүп жүрүүгө шектелип Лейлек районундагы Кулуңду айыл аймагынын 18 жаштагы эки тургуну кармалган. Бул боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.     

Автору: Айша Нуридинова

ТЕМА БОЮНЧА:

Лейлекте мал уурдап, коңшу өлкөгө сатып жүргөн эки шектүү кармалды

Депутат Мейкинбек Абдалиев «мал уурдоо аял уурдоого караганда оор кылмыш» деп эсептейт