Жалал-Абад: Аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырган тергөөчүгө 300 миң сом айып салынды

Майлуу-Сууда аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырган тергөөчүгө Жогорку сот 300 миң сом айып салды. Бул тууралуу 31-январда «Адилет» укук коргоо уюму кабарлады

Маалыматка ылайык, былтыр январь айында Майлуу-Суу ШИИБдин тергөөчүсү жаңы жылдык балатыны өрттөгөн келинди Кызыл-Жар айылындагы мамлекеттик психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштырган.

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы мындай кадамы үчүн тергөөчүгө «Мыйзамсыз психиатриялык ооруканага жайгаштыруу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бирок, 16-июнда, Майлуу-Суу шаардык соту тергөөчүнү «кылмышка эч кандай тиешеси жок» деп актаган. 

Юристтер соттун чечимине каршы апелляциялык арыз берген. Кийин Жалал-Абад облустук соту тергөөчүгө «Кызмат абалынан аша чабуу» боюнча айып тагып, «Мыйзамсыз психиатриялык ооруканага жайгаштыруу» боюнча айыпты четке каккан. Прокурор 500 миң сом айып салууну талап кылган, бирок сот айыпталуучуга 300 миң сом айып салуу чечимин кабыл алган. 

Үстүбүздөгү жылы 29-январда Жогорку сот облустук соттун чечимин канааттандырды.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Майлуу-Суу: Психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырылган аял бошотулуп, кылмыш иши козголду

Майлуу-Суунун тургуну психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштырылды — укук коргоочулар