«Клооп» Бишкекте 10 күндүк медиамектеп өткөрөт

«Клооп» Бишкек шаарында журналистиканын негиздери, СММ жана сүрөт-видео боюнча 10 кундүк медиамектеп өткөрөт. Ага Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жашаган студенттер жана активисттер катыша алат.

26-февралда башталып, 7-мартка чейин созулган тренинг практика менен коштолот. Окуу аяктаганда катышуучулар «Клооптун» журналисттеринин менторлугу менен редакциянын сайтына жана соцтармактарына макала жана видеоматериалдарды даярдай алышат.

Мектепте эмнени үйрөтөбүз?

Биздин мектеп мультимедиалык журналистиканы үйрөтөт. Тагыраагы, текст жазганды, мобилдик телефонго жакшылап сүрөткө тартканды, видеорепортаж даярдаганды өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана фактчекинг тууралуу маалымат аласыз. 

Мындан сырткары сизге Instagram, Facebook жана TikTok сыяктуу соцтүйүндөргө контент жаратууну, маалыматтык карточкаларды жасаганды жана соцтүйүнгө жасалуучу контенттердин кызыктуу форматтарын үйрөтөбүз.

Ал эми «Клооптун» операторлору сизге сүрөт-видео тартып, материалдарды монтаждаганды көрсөтүп берет.  

Эң маанилүүсү, бул мектепте окуунун биринчи жумасынан тартып алган билимиңизди иш жүзүндө колдоно аласыз. Биз түрдүү идея жана сунуштарга ачыкпыз, андыктан саясий, социалдык, экономикалык жана башка көптөгөн багыттар боюнча материалдарды даярдасаңыз болот.

Кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жашаган студенттер, активисттер жана башка кызыккан адамдар катыша алат. Аймактардан келген 10 катышуучу жатакан, тамак-аш менен камсыздалат. Окууну бүткөндөн кийин сый акы алып «Клоопко» материалдарды жарыяласаңыз болот.

Мектепке катышуу үчүн төмөнкү билдирмени толтуруңуз. Ага эмнеге «Клооптун» медиамектебине катышкысы келип жатканын так түшүндүрө алган 20 талапкер тандалып алынат.

Билдирмени 18-феварль саат 18:00гө чейин жөнөтүшүңуз керек.