Жумгал: Тургундар Чаек айылында 11 млн сомго салынган жолдун сапатына нааразы

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында үч ай мурда 10 млн 750 миң сомго төшөлгөн жолдун сапатына тургундар нааразы болушууда. Бул тууралуу 2-февралда «Турмуш» басылмасы жазды.

Чаек айылынын тургундары асфальт жол толук бүтпөй, борбордук көчөнүн аягына жана башына асфальт төшөлүп, ал эми ортосу калып калганын айтышты. Ошондой эле алар «эски асфальтты сыйрыбай эле, үстүнөн асфальт төшөлгөнүнө» даттанышууда.

«Бул жолду өткөрүп алган райондук жол тейлөө мекемеси эмнени карап отурат, билбейм? Ушундай чала бүтүргөн да жол болобу? Миллиондогон акчага асфальт жүктөп келип эле таптап коюшту. Унаалар трамплинден өткөндөй өтүп жатышат. Айдоочу, такси кызматындагылар да нааразы», — деди айылдын тургуну Жылдызбек Актаев.

Ал эми Жумгал райондук № 24 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Тариел Садыков 2-февралда «Клоопко» комментарий берип, тургундардын нааразычылыктарын «провокация» деп атады.

Садыковдун айтымында, өткөн жылы жол куруу боюнча 10 млн 800 миң сомго тендер жарыяланып, аны 10 млн 795 миңге «Эмирхан Курулуш» компаниясы утуп алган.

«Проект боюнча жаңы асфальт эски асфальттын үстүнө басылган. 2020-жылы тендерге бергенде пандемия болуп калып, каржылоо болбой жолдун курулуш иштери токтоп калган. 2023-жылдын планына 1,5 чакырымы гана киргизилген. Ортодо 2-3 чакырым калды. Ал кийинки жылдын титулдук планына кирсе, толук бүтөт. [...] Негизи Чаекте провокаторлор көп», — деди Садыков.

Буга чейин, Токмок шаарынын тургундары өткөн жылы ноябрда шаардын Слободская көчөсүнө төшөлгөн асфальт жол талкалана баштаганын айтып даттанышкан.

Слободская көчөсүнүн узундугу 1450 метрди түзсө, туурасы 6 метрди түзөт. Ал жерге жалпы калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальт төшөлгөн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Токмокто 15 млн сомдон ашык каражатка салынган асфальт жол талкалана баштады