Ош: Медицина кызматкерлерин сабоого шектелген мурдагы аскер кызматкери кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлерин сабоого шектелген 34 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 5-февралда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 31-январь кечки саат 23:00 чамасында болгон. Шектүү «ооруканада жаткан тууганынын дарылануусуна карата дарыгерлерге нааразы болуп, оорукананын дарыгерлерине кол көтөргөн».

«Азаттык» басылмасы Ош шаардык милициясына таянып, дарыгерлерди сабоого шектелген тургун 2023-жылдын мартына чейин Ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн билдирди.

Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми токмоктолгону айтылган дарыгерлерге соттук-медициналык экпертиза дайындалды. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде жол кырсыгына кабылган блогер Ош облустук оорукананын дарыгерлерине нааразы болду