Электрондук тамекиге тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлду

Өлкөдө электорондук тамекиге тыюу салуу сунушталып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев демилгелеген мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемеси парламенттин сайтына жарыяланды.

Документте мыйзам долбоордун максаты «жаш жарандардын ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашынын жана терс өнөкөткө көнүүнүн алдын алуу үчүн аларды электрондук чылымдарды колдонуудан коргоо» экени айтылат. 

Талкууга коюлган долбоор боюнча, электрондук чылымды колдонгон жеке жактарга 4 миң, ал эми юридикалык жактарга 6 миң, саткан жарандарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 6500 сом айып пул салынат.

Ошондой эле электрондук тамекилерди Кыргызстандын аймагына ташып келүүгө да тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам бузган тараптарга 150 миң сомдон 200 миң сомго айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралат.

Буга чейин депутат Эрулан Көкүлов өлкөгө электрондук тамекинин бардык түрүн киргизүүгө тыюу салууну сунуштаган. Эл өкүлү электрондук тамекилер «улуттун ден соолугун өлтүрүп жатат» деген пикирин билдирген.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көкүлов өлкөгө электрондук тамекинин бардык түрүн киргизүүгө тыюу салууну сунуштады