Президент бөйрөк алмаштырууну каалаган бейтаптарга бекер операция жасаларын ырастады

22 жаштагы бейтапка бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасаган Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон бардык бейтапка бекер операция жасаларын билдирди. Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул президенттин тапшырмасы экенин айткан.

Өлкө башчысы өкмөт гемодиализ алып жаткан 2500 кишиге жылына 14-15 миң доллар стартап жатканын белгилеп, бир кишинин операциясына бир жолу 7-8 миң доллар кортокон мамлекет үчүн пайдалуу экенин билдирди.

«Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да», — деди ал.

Жапаров азыркы тапта 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык көрүп башташканын кошумчалады.

«Бейтап донорду өзү табат. Бул – иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси өңдүү жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү. Муну бейтаптар өздөрү жакшы билишет. Жакында эле донор боло алчулардын тизмегин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койдум. Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат», — деди ал.

Жапаров бөйрөк алмаштыруу боюнча операция чет өлкөдө 25 миңден 50 миң долларга чейин турарын айтып, бардык эле бейтаптын ага мүмкүнчүлүгү жок экенин баса белгиледи.

Жакында эле Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасашканын кабарланган. Анда операция төрт сааткан созулуп, 22 жаштагы бейтап менен донордун абалы туруктуу экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бюджеттен каржыланган гемодиализдин сапаты текшериле баштады