Бюджеттен каржыланган гемодиализдин сапаты текшериле баштады

Иллюстративдик сүрөт

Жеке медициналык борборлордо мамбюджеттин эсебинен кылынган гемодиализдин сапатын текшерген программа ишке кирди. Бул тууралуу 10-апрелде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

«Гемодиализ — бул так контролду жана жүргүзүлүп жаткан манипуляцияларды көзөмөлдөөнү талап кылган татаал жана маанилүү медициналык процедура. Маалыматтар базасынын жардамы менен гемодиализдин ар бир сеансы тууралуу маалыматты, анын ичинде пациенттердин санын жана процедурага байланыштуу сапаттык ченемдерди көзөмөлдөөгө мүмкүн болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган программа жакынкы арада өлкөдөгү бейтаптарды бюджеттик программалык гемодиализ менен камсыздоо боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн жеке менчик медициналык борборлордо ишке ашырыла баштайт.

2023-жылы бейтаптарды бюджеттик программанын алкагында гемодиализ менен камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча 36 саламаттыкты сактоо уюмдары ММК фонду менен келишим түзгөн. Алардын отуз үчү жеке менчик медициналык борборлор болсо, ал эми үчөө мамлекеттик — Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканалары.

Кыргызстанда 5-даражадагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган 2 миңден ашык бейтап гемодиализди акысыз алышат. Ага мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Гемодиализ — бөйрөктүн өнөкөт оорусун дарылоонун эң кеңири жайылган ыкмасы. Ага ылайык, диализ аппаратынын жардамы менен канды тазалоо процесси жүргүзүлөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Гемодиализ алган бейтаптар резиденциянын алдына митингге чыгып, президент менен жолугушту