Баткен: Чек ара аймагында жашаган 30 ишкер аялга грант берилди

Баткен районундагы чек арада жайгашкан Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарында жашаган 30 аял атайын окутуулардан өтүп, жеке ишкердигин баштады. Бул тууралуу 7-февралда Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы.

Маалыматка ылайык, алардын он төртү тигүүчүлүк, бири такси кызматын уюштуруу, экөө малина өстүрүү, дагы экөө азык-түлүк дүкөнүн ачуу, сегизи кондитердик азыктарды даярдашат. Ал эми үчөө сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип жатышат.  

Аялдардын ишкердиги «Баарлашуу, ишеним, укук» коомдук бирикмеси тарабынан колдоого алынып, «Аялдар тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында уюштурулуп, аларга жалпы 2 млн 610 миң сомдук грант берилген.  

«Аталган бирикме бул иш-аракетти чыр-чатактан кийин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүүгө жана тынчтык орнотууда аялдардын катышуусун күчөтүүгө багытталган» — деп билдиришти обладминистрациядан. 

Андан сырткары аталган долбоордун алкагында бир катар социалдык демилгелер колдоого алынган.

Өткөн жылы ноябрда Баткен облусунун 52 тургуну бизнес-идеяларын ишке ашыруу үчүн бир миллион сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде 52 ишкер бир миллион сомго чейинки кайтарымсыз грант алды

Бийлик Баткендеги соцобъектилерди калыбына келтирүү долбоорун АРИСке берүүдөн баш тартты