Ош: Мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ош шаарында баңгизат сатууга шектелип 31 жаштагы мектеп мугалими кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 8-февралда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Баткен облусунун мектептеринин биринде мугалим болуп иштейт. Ал бир килограмдан ашык гашиш баңгизатын сатууга аракет кылган.

«Буга чейин шектүүнүн Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн» — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен. 

Окуя милициянын журналына катталып, текшерүүнүн натыйжасында шектүү көптөн бери баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү аныкталды.

Бул факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Тергөө абагына баңгизат ташып турган беш шектүү кармалды