Ошто 17 жаштагы кызды сабаган жашы жете элек үч кыз кармалды

Ош шаарында 17 жаштагы кызды сабаган жашы жете элек кыздардын тобу аныкталды. Алардын бири убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 7-февралда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык милициядан билдиришти. 

Шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Маалыматка ылайык, 15-январь саат 16:00 чамасында Ош шаарынын 17 жаштагы тургунун үйүнөн ага сырттан тааныш болгон 16 жаштагы үч кыз чакырып, «жеке маселелерин» айтып сабашкан. Ошондой эле iPhone 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан. 

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил дене жарааты алган. Аны менен катар, ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды.

Бул факт боюнча «Тоноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Милициядан Ош шаардык соту 7-февралда кылмышка шектүүнүн «жашы жете электигин жана ата энесинин кепилдик бергенин» эске алып, үй камагына чыгарды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 18 жаштагы тургун 9 жашар инисин бычактап өлтүрдү

Аксы: Өспүрүмдөр мушташа кетип, 17 жаштагы окуучу бычак жеп каза болду