Ошто медицина кызматкерлерин сабоого шектелген мурдагы аскер кызматкери үй камагына чыгарылды

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлерин сабоого шектелип кармалган 34 жаштагы тургун үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 8-февралда облустук соттон тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, шектүү 6-февралда Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылды. 

«Сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандап жатып анын жаштыгын, анча оор эмес кылмыштарды жасаганын, мурда сот жообуна тартылбаганын, карамагында жашы жете элек эки кызы, пенсия курагындагы энеси бар, үйдө жалгыз багуучу экенин эске алды» — деп билдиришти облустук соттон.

Аталган шектүү 31-январда «ооруканада жаткан тууганынын дарылануусуна карата нааразы болуп, оорукананын дарыгерлерине кол көтөргөн». 

Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Бирок медиктер аларды коркутуп-үркүтүп, арызды кайтарып алууну талап кылып жатышканын билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Медицина кызматкерлерин сабоого шектелген мурдагы аскер кызматкери кармалды