Ири суммадагы акча уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода борборунун бирин тоноп, 5 млн 350 миң сом уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 12-февралда шаардык милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Маалыматка ылайык, окуя 28-январь кечинде болгон. Белгисиз жаран аталган дүкөн жайгашкан имараттын экинчи кабатынын терезесине шаты менен чыгып, терезени темир кескич менен араалап кирген. Экинчи кабат менен биринчи кабаттагы соода маркетинин ортосундагы шыпты бузуп түшкөн. 

Бул факт боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 9-февралда кылмышка шектүү катары 27 жаштагы чет өлкөнүн жараны кармалды.

Ал Ош шаарынын Исанов көчөсүндө убактылуу жашап, жогорку окуу жайлардын биринде медицина багыты боюнча билим алып жаткан. 

«Ал жасаган кылмышын моюнуна алды. Аталган соода маркетинде сөзсүз акча болорун боолгоп, кылмыш жасоого даярданып жүргөнүн, алдын-ала темир кесүүчү аппарат, беткап жана темир шаймандарды даярдаганын билдирди» — дешти милициядан.  

Шектүү уурдалган акчанын 8 жүз 19 миң сомун кайтарып берген. Мындан сырткары сомду долларга алмаштырып, 37 миң 500 долларды мекенине которсо, 1 миң 600 долларды окуу жайынын төлөмүнө кетирген.  Ал эми калган сумманы өз кызыкчылыгына короткону айтылды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто дүкөнгө уурулукка кирген деп шектелип үч өспүрүм кармалды