Ошто эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял энелик укуктан ажыратылды

Ош облусунун Араван районунда эки жаштагы эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял энелик укуктан ажыратылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына Араван райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.

Айыпталуучу. Сүрөт: Ош ОИИБ.

Маалыматка ылайык, айыпталуучуну энелик укуктан ажыратуу чечимин 7-февралда Араван райондук соту чыгарды. 

«Айыпталуучуга карата козголгон кылмыш иши — «Уруп-сабап кыйноо» беренеси боюнча пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулду» — деп билдиришти райондук мигрция башкармалыгынан. Ошондой эле, учурда балдар атасынын колунда жана алардын абалы жакшы экенин кошумчалашты.

Анын туруктуу жашаган жери болгондуктан 26-январда үй камагына чыгарылган

Буга чейин Ош облусунун Араван районунун 21 жаштагы тургуну эки жашар эгиз кыздарын сабаган видео интернетке тарагандан кийин эки айга камакка алынган. Аял мындай кадамга «балдары заара ушатып койгону үчүн» барганын билдирген

Айыпталуучу кайненеси жана жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары тарабынан психологиялык басымга кабылганын айткан. Ошондой эле кайын журтунун «басымынан улам ызаланып, ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөнүн жана кайненеси балдарына зомбулук көрсөтүп келгенин» белгилеген.

                Автору: Мырзайым Кочкорбаева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Психологиялык басымга кабылгам». Эки жашар кыздарын сабаган аял үн катты

Ош: Эки жашар эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял эки айга камакка алынды