Баткенде таза суунун баасы 20 пайызга кымбаттады

Монополияны жөнгө салуу кызматы жана жергиликтүү кеңештин чечими менен Баткен шаарында таза суунун тарифи 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу 13-февралда «Азаттык» басылмасы жазды.

Иллюстративдик сүрөт.

Шаарды таза суу менен камсыздоо мекемесинин жетекчиси Зилалидин Олжоевдин айтымында, буга чейин керектөөчүлөр 1 метр куб суу үчүн 17 сом 84 тыйын төлөп келишсе, 1-февралдан тарта 20 сом 8 тыйынга жогорулады.

«Суу тарифинин өсүшүнүн бирден-бир себеби — сууну сарамжал колдонуу зарылдыгы. Мындан тышкары биздин кызматкерлердин айлык акысы 50% көтөрүлдү. Эми көчөдөгү куурлардан сууну ташып ичкендер киши башына ай сайын 21 сом 50 тыйын төлөсө, үйүнүн короосунда таза суу түтүгү бар кожолуктар 361 сом 44 тыйындан төлөшөт» — деди Олжоев.

Баткен шаарында ичүүчү суу көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн 5 млн 200 евро каражат бөлүнгөн. 1,5 млн доллары насыя катары берилип, ага 2 миң 200 кожолукту таза суу менен камсыздоо каралган. 

Эки жыл мурун короолорго суу куурлары киргизилиген. Бирок ал кожолуктардын жарымында суу 3-4 ай тынымсыз чыгып, кийин токтоп калган. Облустук бийлик 222 айылдын 106сы таза суу менен камсыз болгонун билдирген.

Буга чейин Баткен облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн жалпы суммасы 4 млн 491 миң 378 сомду түзгөн керектүү жабдыктар сатып алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн 4,5 млн сомдук техника алынды