Базар-Коргондо баңгизат сатууга шектелип эки тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда баңгизатын сатууга шектелген 28 жана 50 жаштагы эки тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 12-февралда ИИМден билдиришти.

Шектүүлөр. Сүрөт: ИИМ.

Маалыматка ылайык, 5-февралда милицияга аталган райондо баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, даярдап жана сатуу максатында кардар издеп жүргөн кишилер тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн үйү тинтүүгө алынды.

«Натыйжада, 50 жаштагы шектүүнүн жанынан 10,52 грамм, ал эми үйүн тинтүү учурунда 16,60 грамм гашиш баңгизаты табылды. Ошол эле күнү шектүү менен байланышы болгон 28 жаштагы тургундун үйүнөн да 23 грамм баңгизаты табылды», — деп билдиришти ИИМден.

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда.

8-февраль Ош шаарында баңгизат сатууга шектелип 31 жаштагы мектеп мугалими кармалган. «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Автору: Айша Нуридинова

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды