Ноокен: 400 миң сомдук тендерди утуп, буюртманы аткарбай жүргөн фирманын ээси кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда күйүүчү май алуу боюнча 393 миң 450 сомдук тендерди утуп, бирок буюртманы аткарбай жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-февралда облустук милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ.

Маалматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 8-январда Ноокен РИИБине Кочкор-Ата шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун администрациясынын башчысы арыз менен кайрылган. 

Анда ал өткөн жылы 14-июлда күйүүчү май алуу максатында тендер өткөрүп, комиссиянын чечими менен утушка ээ болгон тараптын эсебине 393 миң 450 сом которгонун айткан. Бирок ушул күнгө чейин ЖЧК «ар түрдүү себептерди айтып, күйүүчү майды же алардын эсебине которулган каражатты кайтарбай качып жүргөнүн» билдирген.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну 10-февралда эки айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Автору: Айша Нуридинова

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «Берекет» базарынын жетекчилерин «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектеп кармады

Мурда жогорку кызматты ээлеген адам ири алдамчылыкка шектелип Түркияда кармалды