Даңазалуу доор. Эмне үчүн эки дос таасири же акчасы барлардын эсебин табууда?

Улуу вазир Кара Ахмед-пашаны өлүм жазасына тартуу (фрагмент).

Жакында кармалган базар ээлерин, Кемпир-Абадды коргоп чыккандарды, абакта асынып алды делген Арстан Алайды, сот жообуна тартуунун ордуна  атып өлтүрүлгөн Көлбаевди, куугунтуктагы акындар менен блогерлерди, «кулакка тартылган» Матраимовду жана анын бетин ачкан журналисттерди эмне бириктирип турат? Бийликтин көзүнө алар көз карандысыздыктын потенциалы катары көрүнүп, тартып алуу же жок кылууну көздөйт. Жапаров менен Ташиев Мехмед султандай болуп түбөлүк башкарыш үчүн, керек болсо, элестетип алган атаандаштарынан арылгысы келет. Эркиндикти сүйгөн Кыргызстанга бул катаал жана караңгы заман келгенин каңкуулайт.  

Материал «Пикир» рубрикасына жарыяланды. Макалада автордун жеке пикири чагылдырылат. 

Февралдын башында УКМК Кочкор жана Караколдо үч базардын ээсин кармаган. Алар салык кызматына көрүнбөй ишкерлерден акча чогултуп жүрүшкөнү кабарланууда. Соодада тартип керектигин талашпастан, мындай биринчи эле жолу болуп жатпаганын белгилейбиз. Январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ээлеринен Оштогу «Кара-Суу» базарын тартып алган. Декабрда Бишкекте «Баткен-Комфорт» базаранын директору кармалган. Анын алдында «Ак-Суу» базаранын ээси кармалган. Бул базарлар, балким, улутташтырылат дегенге жамынуу менен тартып алынышы да ыктымал.   

Бийлик базарларга чабуулун 2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында өлкө боюнча толкуган көзөмөл-кассалык машиналарга (ККМге) каршы митингдерден кийин эле дароо баштаган. Соодагерлерлердин митингдерге чыгууга өз себептери бар болгон, бирок УКМКнын башчысы менен президент Садыр Жапаров митингдерди уюштурууга базар ээлерин айыпташкан —  соодада эле болуп атпаган менчик бөлүштүрүүнүн мыкты себеби. Алардын билдирүүлөрүнө караганда, Жапаров Ташиев экөө төңкөрүштүн алдын алуу идеясы менен «ооруйт». Алар эл салыктардын, тарифтердин жана баалардын өсүшүнө нааразы болорун, ал эми «улутташтыруу» менен күрөшүп чарчаган бизнес, нааразы тарапты колдоп кетиши мүмкүн экенин түшүнүп турат. Андыктан аны алдын ала тартып алып койгон жакшы.   

Кемпир-Абадды коргогондордун, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун жана абактын ооруканасында асынган абалда табылган кызыктуу ишкер Арстан Алайдын камакка алынышынын, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сотсуз атылышынын, блогер жана акындарга карата басымдын, иликтөөчү журналист Болот Темировдун депортацияланышынын, анын 11 кесиптешинин жана Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камалышынын, бажы падышасы Райымбек Матраимовдун мүлкүнүн түшүнүксүз жол-жоболоштурулган конфискациясынын, «Клоопту» жоюу үчүн жөнү жок негиздердин, башка мамлекеттик эмес белгилүү ЖМКлар 24.kg, «Кактус» жана «ПолитКлиниканы» сандырак доо арыздар менен муунту аракеттеринин логикасы да ушундай эле. 

Аталгандын баары түрдүү адам жана уюмдар. Мисалы, Көлбаев менен Кемпир-Абадды коргогондорду бириктирген эч нерсе жок, «Клооп» болсо Матраимовдун кылмыштарын иликтеген. Аларды бириктирген бир эле нерсе бар: бийлик алардан экономикалык, саясий же медиалык потенциалды көрөт. Ар бир сүрөттөн жылаңач аялды гана көрүп туруп алган анекдоттогу бейтаптай, Жапаров менен Ташиевге да туш-тараптан кутумдар көрүнүүдө. Ошондуктан бийликке карата айтылган мыйзамдуу сындарды экөө бийликти кулатуу катара кабыл алып жатышат. Андыктан не бар, не жок акчасы, таасири, кадыр-баркы бар жана төбөсү көрүнгөндүн баарынан арылып жатышат.  

Реалдуу жана элестетип алган атаандаштарды өздөрүнүн «Даңазалуу доорунун» аягына чейин башкаруу үчүн кырып жоготуу — бийликке берилип алган монархтардын алмашкыс каалоосу.

Осмон империясынын султаны Мехмед Фатих атасы өлгөндөн кийин такка отуруп, дароо 19 бир тууганын өлүм жазасына тарткан. Андан кийин Фатиха же «Бир туугандарды өлтүрүү», башкача айтканда, султанга согуш же тополоңдорду алдын алуу үчүн тактын башка мураскерлеринин көзүн тазалаганга расмий жол берген мыйзамын чыгарган.

Бирок султандар атаандаш көргөндөрүн Фатих мыйзамына чейин эле жана андан кийин деле өлтүрүп келишкен. Даңазалуу Сулейман тактыдан кол жууп калуудан коркуп, баласын өлүм жазасына тартууга буйрук берген. Ал эми анын атасы Селим I, өз ага-инилерин гана эмес, алардын жети «туягын» жана өзүнүн беш баласынын төртөөсүн өлтүрүп, бир эле мураскерди калтырган. Бул потенциалдуу оппоненттерин айланасына чогулта турган альтернативдүү лидерлерден ажыраткан.  

Жөөт падышасы Ирод, библия салты боюнча, жаңы төрөлгөн мессия (Кудайдан түшкөн адамзатын куткаруучу) аны тактан кулатып салат деп ушунчалык корккондуктан эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүп салууну буйруган. Өмүрүнүн аягында ал параноик болуп калган. Тектүү адамдарды уруп-сабап, өкмөт мүчөлөрүн өлүм жазасына тарткан. Көңүлүн ачуу үчүн кайын агасын сууга чөктүрүп, аялын муунтуга мажбурлаган. Эки баласын, агасын, кайын энесин, досторун өлтүргөн. Өлөрүнө чейин беш күн мурда, катуу оорулуу неме жакшы көргөн уулун падышалыктагы кутумга айыптап өлүм жазасына тарткан.  

Жаңы тарыхтын диктаторлору алардан эч кем калбайт. Сталин, Пол Пот, Пиночет, Трухильо, Дювалье, Иди Амин, Мобуту, Маркос, Бокасса — булардын абийиринде дагы кордолуп, кыйналып, кээ бирде тирүүлөй желген миллиондогон мекендештеринин өлүмү бар. Алар кандай гана түрдүү идеяларга жамынса дагы мунун баарын бийликке жутунганы үчүн кылышкан. 

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев азырынча өздөрүнө чейин такта отурган Бакиевке жете элек, бирок аны кууп жеткенге толук мүмкүнчүлүктөрү бар — Бакиевдин тушунда ондогон адамдар өлтүрүлгөн. Булар көп жылдан бери бийликке жутунуп, ал үчүн түрмөдө да отуруп чыгышкан. Өзүм билемдик, өкүмзордук, күч органдарын ыйгарым укук жана ресурстар менен чексиз күчтөө, ТИЗОдогу табышмактуу өлүмдөр, соцтүйүндөрдө фейктердин бийликти жактаган жалгандары бул экөө баарына даяр экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан, азыр алардын Instagram’да жаңы машиналарын көрсөтүп мактанып жаткан жакындарынын ордунда болсок дагы биз «сергек» тура албайт элек. Жеке ушулар үчүн келген «Даңазалуу доордун» дагы ачуу жагы бар. 

Бүгүн бүткүл Кыргызстан каптап жаткан наадандыктын, зомбулуктун жана жалганчылыктын жүзүн карап турат. Өздөрү токуган мыйзамдарга таянган амалкөй автократтар мекендештерин укуктан жана мүлктөн ажыратып, жалаа жаап, бири-бири менен кагылыштырганга аракет кылып жатышат. Репрессияларды болсо алар «тартип орнотуу», өсүп жаткан теңсиздикти «жакырчылык синдромунан арылуу», жаңы Орто кылымды «стратосфера» деп аташууда, ал эми мафиялык мамлекет курууну — Сингапурдун жолун жолдоо дешүүдө. Экөөнө замандын агымынан калбай бараткандай сезилүүдө, себеби дүйнөдө фашизм баш көтөрүп, ал эми алардын өнөктөшү Путин уялбай этпей эле укук күчтүүдө экенин айтууда. Алар мындан эл корккондон баш көтөрө албаган, өлкөнү жеке менчиги катары каалагандай калчап, байлыгын өз билгендей сатып, чек арасын каалагандай өзгөртө бере тургандай кылып, Кыргызстанды диктатурага айланткан тарыхый мүмкүнчүлүктү көрүп турушат. 

Бул шартта болуп аткандын жөн карап тура албаган, көз карашы түрдүү кыргызстандыктан эмне кылышы керек? Жок эле дегенде өз ара сыйды сактап, ич ара жардамды аябай, гуманизмдин баалулугун колдоп, ар бир нерсени өз аты менен айтышы керек. Өлкөнүн келечеги үчүн.