Кыргызстанда коррупция жана алдамчылык боюнча иштердин эскирүү мөөнөтү алынып салынды

22-февралда президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги беренелердин эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча түзөтүүлөр киргизилген указга кол койду

Жарлыкка ылайык, эскирүү мөөнөтү төмөнкү беренелерден алынып салынат:

  • Коррупция;
  • Алдамчылык; Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу топтун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык;
  • Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу. Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу туптун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу;
  • Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү.  Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү;

«Эгерде кылмыш учурунда келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш иши токтотулбайт» — деп айтылат билдирүүдө.

Transparency International эл аралык уюмунун 2022-жылга карата коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алган. Башкача айтканда 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегенди түшүндүрөт.