Минкаб «Камбар-Ата 1» ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик бюджеттен «Камбар-Ата 1» ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу Жапаровдун 26-февралда Маданият министрлигинин коллегиясында айткандарына таянып, «Азаттык» жазды.

Анын айтымында, 28-майда Минкаб Женевада ГЭСтин курулуш долбоору боюнча маалымат берилет.

«“Камбар-Ата-1” долбооруна буюрса 500 млн доллар таптык. Курулуп бүткүчө дагы 500 млн долларын бюджеттен берели деп атабыз. Быйыл күзгө чейин көпүрө, жумушчулар жашай турган шаарчаны куруп бүтүрөбүз. ГЭСти толук аягына чыгарыш үчүн 4,5 млрд доллардын тегерегинде каражат керек. Буюрса Женевадан ушул акчаны таап келип, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курсак биз энергетикадагы таңкыстыкты жоёбуз», — деди Жапаров.

2022-жылдын 8-июнунда «Камбар-Ата 1» ГЭСтин курулушунун башталышына арналган иш-чара өткөн. Ал курулса Токтогул ГЭСине караганда электр энергияны көп өндүргөн ири ГЭС боло алат. Долбоор боюнча, анын бийиктиги 256 метрди түзгөн тосмосу болот.
 
Курулуш башталардан мурда президент Садыр Жапаров Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте курарын айткан. Ал ГЭС жакынкы 3-5 жыл аралыгында ишке кирерин да кошумчалаган. Өлкө бийлиги бул станцияны 10 жылдан ашык убактан бери куруп бүтүрүүгө аракет кылып келет.

Былтыр июль айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Кыргызстандагы “Камбар-Ата 1” ГЭСи Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздарын» билдирген.   

Башкы бетке илююстративдик сүрөт коюлду.