Оштун бюджети быйыл 2 млрд 885 млн сомду түзөт. Каражаттын көбү курулушка, азы соцкоргоого жумшалат

27-февралда Ош шаардык кеңешинде 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өттү

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, Финансы министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Алдын ала планга ылайык, 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү — 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сомду түзөрү болжолдонууда.  

Анын ичинен салык кирешелери үчүн жалпы бюджеттин — 2 млрд 176 млн 556 миң 200 сом, салык эмес кирешелери — 508 млн 400 миң сом, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары үчүн — 200 млн сом бөлүнөт. Бюджеттин алдын ала планында эң көп каражат курулуш тармагына, ал эми эң аз акча социалдык коргоо жана коргонуу тармагына бөлүнөрү каралган.

2023-жылы Ош шаарынын бюджетине 2 млрд 509 млн 306,2 миң сом бөлүнгөн. Быйылкы бөлүнө турчу акча бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо былтыркы жылкыга караганда 115%га көп.