Өзгөн: Баасы 500 млн сомго чукул беш гектарлык базар мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 гектар жер тилкине жайгашкан базар жана анын 1000 чарчы метр административдик имараты «ыктыярдуу түрдө» мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 4-мартта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган объекттин базар баасы 470 миллион сомду түзөт.

27-январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базары «толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүлүп, мурда ээлеп алган “байлардын” жерлери кайтарыларын» айткан.

26-январда «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан «Жээнбеков» базарынын директору кызмат абалынан пайдаланууга шектелип кармалган. Шектүү жеке ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча алып жүргөнү айтылган.

Өткөн жылдын октябрь айында Өзгөн районунда жайгашкан борбордук базарда жеке менчикке өтүп кеткен 87 миллион сомдук 10 миң 882 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылган. Аталган жер мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт

Өзгөн: Борбордук базарда жеке менчикке өтүп кеткен жалпы 87 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды